Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Ак-Суу районундагы Эңилчек айылын өнүктүрүү боюнча союз учурунда коюлган пландар, максаттар иштеп кетсе, кыргыз элине чоң оомат келет. Бул тууралуу Кыргызстандын жергиликтүү башкаруу кызматына эмгек сиңирген кызматкер Аскербек Алиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, президенттин көп жылдардан бери унутта калган айылдардын бири Эңилчекке барышы бул чоң жаңылык болду.
“Союз мезгилинде олово, түстү металлдарды алуу боюнча Эңилчек шаарчасы курулуп бүтүп калган. Бирок, 20 миңдей жашоочуга ылайыкталып курулган шаар союз таркагандан кийин каралбай калган. Мында мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер курулган. Ошонун баары бир заматта иштебей калды. Азыр айылда жашап калган 35 үй-бүлө ошол жерди кармап, кайтарып турат десек жаңылышпайбыз. Алсак, 1990-жылдары каралбай калды эле Үзөңгү-Кууш эмне болду? Ошол таризден алганда президенттин бул кадамы колдоого алынаарлык иш”,- деди Алиев.
Ошондой эле Сары-Жаздын суусу, энергетикалык чоң потенциалга ээ экенин айтты.
“Кытай мамлекети менен бир келишимге келип, Ысык-Көлдүн тескей жак бети менен канал куруп, Сары-Жаздын суусунун кандайдыр бир бөлүгүн буруп Чүйгө чейин алып келсек Кыргызстандын экономикасына, элдин жашоо-тиричилигине чоң пайда болот”,- дейт ал.
Аскербек Алиев өз сөзүндө маалымдагандай, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 800гө жакын бийик тоолуу айыл - кыштактарда миллионго жакын адам жашайт. Ошолордун ичинен эң алыскы, шарты катаал айылдардын бири - Эңилчек.