Ак-Суу районундагы алыскы тоолуу Эңилчек айылында 2024-2026-жылдары бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылды. Бул мезгил аралыгында айылдын электр тармактары жаңыланып, уюлдук байланыш жана интернетке жеткиликтүүлүк жакшыртылды, социалдык объектилер оңдолуп, аймак көрктөндүрүлдү. Ошондой эле туризм инфраструктурасын өнүктүрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн "Кабар" агенттигине билдиришти.

Эңилчек Кыдыр-Аке айыл аймагынын курамына кирет. Айыл аймагынын башчысы Талант Кобонбаевдин айтымында, 2022-жылы административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндөн кийин жаңы айыл аймагынын курамына Теплоключенка, Кереге-Таш жана Эңилчек аймактары кирген.
"Бириккенден кийин Эңилчекти өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштерди баштадык. Айылдын негизги көйгөйлөрү жол, интернет жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы болчу. Азыр бул багыттардын ар бири боюнча иштер жүргүзүлүүдө", — деди ал.
Эңилчекке баруучу жол
Айыл тургундары үчүн маанилүү долбоорлордун бири — Каракол – Эңилчек унаа жолун реконструкциялоо.

Учурда Тургон – Эңилчек багытындагы 106-чакырымдагы тилкеде иштер уланууда. Жол республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Айыл аймагынын башчысынын айтымында, иштер Эңилчекке чейин жетип, Кургак тилкесин көздөй уланууда.
"Жол маселеси азыр чечилип жатат. Тилкеде асфальт төшөө иштери башталды. Курулушту кытайлык компания жүргүзүүдө, иштер Ак-Булак айылынан башталган", — деп белгиледи Талант Кобонбаев.
Алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн транспорттук каттамды жакшыртуу өзгөчө мааниге ээ. Анткени бул жол Эңилчекти башка калктуу конуштар жана район борбору менен байланыштырат.

Электр энергиясы жана уюлдук байланыш
Айылда электр тармагынын инфраструктурасы да жаңыланууда. Электр мамылары алмаштырылып, заманбап СИП-кабелдери тартылды. Бул электр менен камсыздоону жакшыртууга шарт түздү.
"Мурда электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип келген. Азыр Энергетика министрлигинин колдоосу менен мамылар жаңыланып, СИП-кабелдер орнотулду. Ошентип, электр менен камсыздоо маселеси акырындап чечилип жатат", — деди айыл аймагынын башчысы.
Дагы бир маанилүү өзгөрүү — уюлдук байланыштын жана интернеттин сапатынын жакшырышы. Базалык станцияларды орнотуу үчүн айыл өкмөтү "Мегаком" компаниясына үч жер тилкесин бөлүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алган.
Мындан тышкары, объектилерди байланыш менен камсыздоо үчүн зарыл болгон электр тармагы тартылып, көмөкчордон орнотулган.
"Азыр Эңилчекте интернет бар. Мурда бул көйгөй болчу, азыр уюлдук байланыш жана интернет жеткиликтүү", — деди Талант Кобонбаев.
Мектеп
Айылдагы курч маселелердин бири мектеп болду. 2024-жылы билим берүү мекемесинин имаратында өрт чыккан. Андан кийин мектеп бош турган мурдагы айыл өкмөтүнүн имаратына көчүрүлгөн. Ал жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, жылытуу системасы орнотулган.

"Биздин мектеп 2024-жылы өрттөнүп кеткен. Айыл өкмөтүнүн имараты жаңы болчу, ал бошогондон кийин мектепти ошол жакка көчүрдүк. Жылытуу системасын жасап, оңдоо иштерин жүргүздүк. Азыр мектеп маселеси чечилди", — деди айыл аймагынын башчысы.
Ошентип, окуучулар оңдолгон жана жылытуу системасы менен камсыздалган имаратта билим алуусун улантууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бала бакча
Айылда жергиликтүү бюджеттин жана өнүктүрүү фонддорунун эсебинен бала бакча маселеси да чечилди. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты АРИСтин каржылык колдоосу, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда бала бакча толук кандуу иштеп жатат.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, айылдагы инфраструктуралык долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен, АРИСтен жана Ак-Суу районунун өнүктүрүү фондунан каражаттар бөлүнгөн.
Жаңы маданий борбор жана көрктөндүрүү иштери
Өзгөрүүлөр негизги инфраструктура менен гана чектелбестен, коомдук жайларды да камтыды. Эңилчекте маданий борбор оңдолуп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалды. Бул үчүн буга чейин абалы начар болгон имараттардын бири пайдаланылган.
"Эңилчекте эски имараттар көп болчу. Алардын бирин калыбына келтирип, маданий борбор түздүк. Азыр ал жерде китепкана, бильярд, стол тенниси жана банкеттик зал бар. Тургундар үчүн жаңы, заманбап жай түзүлдү", — деди Талант Кобонбаев.
Мындан тышкары, айылда көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айрым көчөлөргө жарыктандыруу орнотулуп, тосмолор жаңыланып, аймак иретке келтирилди. Ошондой эле тургундардын эс алуусу үчүн чакан парк пайда болду.
Туризм жаңы багытка айланууда
Эңилчекте өнүктүрүү пландалып жаткан дагы бир багыт — туризм. Айылга жакын жерде туристтерди тартуучу потенциалдуу жай катары каралып жаткан жылуу булактар бар.
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, жылуу булактардын аймагындагы жер тилкелери эс алуу жайларын түзүү үчүн жеке инвесторлорго берилген. Учурда 0,60 гектар аянттагы жер өздөштүрүлүүдө. Жеке инвестициялардын көлөмү 125 миң долларды түзөт.

Талант Кобонбаевдин айтымында, инвесторлор аймакка A-frame үлгүсүндөгү үйлөрдү орнотууну, булактардын айланасын көрктөндүрүүнү, санитардык зоналарды жабдууну жана туристтерди кабыл алууга шарт түзүүнү пландашууда.
"Биздин Эңилчекте жылуу булактар бар. Учурда туризмди өнүктүрүү үчүн бир нече жер тилкеси жеке инвесторлорго берилди. Ал жерлерге A-frame үйлөрү орнотулуп, аймак көрктөндүрүлүп, санитардык зоналар уюштурулууда. Бул багытты да өнүктүрүүнү каалап жатабыз", — деди ал.
Акыркы жылдарда эмне өзгөрдү?
Ошентип, 2024-2026-жылдары Эңилчекте инфраструктуралык долбоорлордун комплекси ишке ашырылды. Айылда электр менен камсыздоо тармагы жаңыланып, уюлдук интернет пайда болду, социалдык объектилер оңдолду, бала бакча иштеп жатат, мектеп жаңы жылытыла турган имаратка көчүрүлдү, маданий борбор түзүлүп, парк көрктөндүрүлдү.
Ошол эле учурда айылдын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшырта турган жолдун курулушу уланууда. Мындан тышкары, жергиликтүү жаратылыш ресурстарынын негизинде туризмди өнүктүрүү келечектүү багыттардын бири болуп саналат.
Кыдыр-Аке айыл аймагынын башчысы айыл тургундары болуп жаткан өзгөрүүлөргө оң баа берип жатканын белгиледи.
"Жакында Эңилчекте болуп, тургундар менен жолугуштум. Мурда чечилбей келген маселелер көп болгондуктан, адамдар талапты катуу коюп келишкен. Азыр болсо өздөрү ыраазычылык билдирип, көйгөйлөр акырындап чечилип жатканын айтып жатышат", — деди Талант Кобонбаев.
Анын айтымында, Эңилчекти өнүктүрүү боюнча иштер улантылат. Негизги көңүл инфраструктураны мындан ары жакшыртууга жана калктын жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө бурулат.