Эгемендүүлүк күнүнө карата Ошто бир катар объектилер пайдаланууга берилет

Аймак 10 август 2025 18:51
530249319_122180546072368081_8678404134764669342_n.jpg
530264812_122180545976368081_4647451132734439207_n.jpg
530666517_122180546126368081_5381673118301822802_n.jpg
532015444_122180546114368081_5666770644306628246_n.jpg
529944701_122180546006368081_4467793851077290855_n.jpg
529969551_122180546000368081_8255586164323343572_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.08.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев Ош облусуна жумушчу сапары менен келди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал сапардын алкагында ал 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилүүчү инфраструктуралык жана социалдык объектилердин даярдыгы менен таанышып чыкты.

Азамат Кадыралиевге президенттин өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолунун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана башка объектилер боюнча маалымат берди.

Ошондой эле объектилерди пайдаланууга берүү боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланып, тиешелүү сунуш-пикирлер айтылды.