Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Талас тарыхый майрамды тосууга даяр

Аймак 10 сентябрь 2026 20:45
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Талас тарыхый майрамды  тосууга даяр
copyright icon KABAR Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Талас, 10.09.26. /Кабар/. Талас облусу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесин өткөрүүгө 100 пайыз даяр. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү “Кабар” агенттигине билдирди.

Облус башчысынын айтымында, учурда акыркы даярдык иштери жүргүзүлүп, толугу менен аяктады.

“Акыркы эки күн ичинде облус аймагын жууп-тазалоо иштери аткарылды. Учурда майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү”, – деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, соңку жылдары Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн аймактарда өткөрүү салтка айланган. Район-облустарда эгемендүүлүк майрамына карата ири социалдык, инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилер колдонууга берилип келет. Түрдүү тармактагы жаңы имараттардын, мектеп, бала бакча, жол жана ишканалардын ачылышы аймактарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын турмуш-шартын жакшыртууга багытталган.