Эгемендүүлүккө 34 жыл: Аймактарда майрамдык иш-чаралар өтөт. Программа

Коом Загрузка... 29 Август 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Эгемендүүлүк майрамы — бул тарыхты эскерип, келечекке ишеним менен караган күн. Быйыл Кыргызстан эгемендик алганына 34 жыл толот. Жыл сайын өзгөчө маанайда белгиленип келген бул майрам быйыл да өзгөчө деңгээлде өткөрүлөт.

Бул жылы майрамдык иш-чаралар республиканын бардык аймактарында кеңири жана салтанаттуу түрдө өтөт. Ар түрдүү маданий жана спорттук программалар, көргөзмөлөр, концерттер, улуттук оюндар жана жарманкелер аркылуу элибиздин тарыхы, салты жана биримдиги даңазаланмакчы.

Бул ирет негизги майрамдык иш-чара Жалал-Абад шаарында өтмөкчү. Ага ылайык, өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объекттеринин ачылышы офлайн жана онлайн форматта өтүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары, майрамдык оюн-зоок программалар орун алмакчы. "Кабар" маалымат агенттиги Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу майрамдык иш-чаралардын тизмесин чогултту.

Эгемендүүлүк майрамынын негизги иш-чарасынын быйыл Жалал-Абад шаарында белгиленип жатышы бекеринен эмес. Шаар акыркы жылдары социалдык, экономикалык жана маданий жактан активдүү өнүгүү жолуна түштү. Андан сырткары, шаар инфраструктуралык жактан да олуттуу өзгөрүүлөргө учурап, ири маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Майрамдык иш-чараны Жалал-Абадда өткөрүү — бул регионго өзгөчө көңүл буруу менен катар, өлкөнүн бардык аймактарынын өнүгүүсүн тең салмактуу жүргүзүү максатын көздөйт.

Жалал-Абад шаары

30–31-август күндөрү Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт.

Ошондой эле 30-август күнү төмөнкү иш-чаралар пландалган:

  • 09:00 – 19:00 — Барпы атындагы облустук драма театрында сүрөт көргөзмөсү жана асфальтка сүрөт тартуу иш-чарасы өтөт.
  • 09:00 – 19:00 — Спутник кичи районундагы Т.Байзаков атындагы сейил багында айыл чарба жарманкеси жана "Чыгыш шириндиктери" аттуу тамак-аш фестивалы уюштурулат.
  • 10:00 – 18:00 — Эркиндик аянтында күндүзгү концерттик программа өтөт.
  • 09:00 – 19:00 — Курманбек стадионунда жана "Газпром" спорт комплексинде улуттук оюндар өткөрүлөт.

Ал эми негизги майрамдык концерт Жалал-Абад шаарында кечки саат 18:00дон түнкү 01:00го чейин уланат.

Гала-концерт көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик артисттердин коштоосунда өтүп, алардын арасында россиялык Николай Басков, Люся Чеботина, швед ырчысы BOSSON жана өзбекстандык ОЗОДА жана Хамдам Сабиров бар.

Ал эми Кыргызстандын эстрада ырчыларынан Гулнур Сатылганова, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева, Фриман 996, Жийдеш, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека жана башкалар катышат. Бул концерт шаар тургундарына жана меймандарга майрамдык маанай тартуулап, өзгөчө шаңда өтүү алдында турат.

Бишкек шаары

Борбордук Ала-Тоо аянтында 31-август саат 18:00дө эстрада жылдыздарынын жана жергиликтүү чыгармачыл жамааттардын катышуусунда майрамдык концерт өтөт.

Ош шаары

31-август саат 10:00дө "Алымбек датка" этнографиялык борборунда эстрада жылдыздарынын коштосунда майрамдык иш-чара өтөт.

Баткен облусу

Эгемендүүлүктүн 34-жылдыгы Баткен облусунда дагы чоң салтанат менен белгиленүү алдында турат. Облустун ар бир район-шаарында жогорку деңгээлдеги маданий жана улуттук спорт оюндары уюштурулат.

Талас шаары

Талас шаарында майрамдык иш-чара 31-август күнү Эшим Кутманалиев атындагы Борбордук стадиондо таңкы саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин уланат. Майрамдын алкагында “Көөнө-тарыхый буюмдар” – кол өнөрчүлөр сынагы, “Күз берекеси” – улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, элдик ыр-бийлер жана чыгармачыл жамааттардын концерти болот. Ал эми кечки чоң концертте эстрада жылдыздары Курал Чокоев, Нурлан Насип, Алтынай Асанбекова, Айгерим Эшим, Ильяз Андаш ырдайт. Иш-чаранын соңунда асманды жарык кылган керемет “Майрам нурлары” аталышындагы майрамдык салют атылат.

Нарын шаары

Эгемендүүлүк майрамы 31-август күнү Нарын шаарынын Кара-Бук аймагындагы “As nomad” этно комплексинде саат 10:00дө башталат. Коноктор үчүн этно комплекске жетүү үчүн Нарын шаарынан автобус каттамдары уюштурулат.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облусундагы негизги майрамдык иш-чара Каракол шаарында өтөт. 31-август күнү саат 10:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта айыл чарба, жашылча жемиштердин жана кайра иштетүү продукцияларынын жарманкеси, театрлаштырылган концерт, “Кыргызстан көп улуттуу жана ынтымактуу өлкө” аттуу Каракол шаарынын ардагерлеринин иш-чарасы жана улуттук оюндары өтөт.

Мындан сырткары, облустардын бардык район жана шаарларында да эгемендүүлүккө арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Майрам учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Коопсуздук чаралары күчөтүлүп, эл көп чогулуучу жерлерде көзөмөл күчөтүлөт. Ошондой эле, өзгөчө кырдаалдар кызматтары, тез жардам жана тиешелүү мекемелер да иш алып барышат.