Эгемендүүлүк жылдарында мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан ири жолдор

Экономика Загрузка... 30 Октябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Акыркы жылдары өлкөдө жол куруу тармагынын тездик менен өнүгүп жатканы байкалууда. Бул багытта мамлекеттик бюджеттин колдоосу менен бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Стратегиялык мааниге ээ болгон ички жана эл аралык жолдордун сапатын жакшыртуу - өлкөнүн экономикалык өсүшүнө, аймактардын байланышын чыңдоого, калктын жол жүрүү шартын жеңилдетүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул өзгөрүүлөр өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө да дем берет.

whatsapp_image_2024-10-07_at_14_09_19_2.1126x0-is.jpeg

Кыргызстанда автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзѳт. Ал эми бул жолдор аймактарды бириктирип, эл аралык транзитти байланыштырып, товар ташууга өбөлгө түзүп жатканы маалым. Акыркы жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду, эл аралык коридорлорду оңдоого өзгөчө көңүл бөлүүдө. Атап айтканда, 2021-жылы өлкө аймагында 175, 2022-жылы 488, ал эми 2023-жылы 673, 2024-жылы 802 чакырым жолго асфальт төшөлүп, ал эми быйыл 1200 чакырым жол асфальтталып, жаңы салынган.

Аталган министрликке караштуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Дуулат Муканбетовдун “Кабар” агенттигине берген маалыматына ылайык, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик бюджеттин эсебинен бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда.

“Алардын катарын жалпы узундугу 150 чакырымды түзгөн Барскоон - Бедел жолу толуктайт. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон айылын кыргыз-кытай чек арасындагы Бедел көзөмөл ѳткѳрүү пункту менен байланыштырган жолдун курулушу дээрлик 5 жылга созулат. Долбоордо 2 туннель, 30дан ашык көпүрө, кар көчкүдөн сактоочу галереялар, таш кулоо жана сел тосмолору каралган.

Ал эми Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолу - Ысык-Көл облусунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында (141,64 чакырым) жүргүзүлүүдө. Учурда жол иштери уланууда.

Ошондой эле Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жолунун 100 чакырым аралыгындагы капиталдык оңдоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Учурда 74 чакырым жолдун алдынкы катмарына жана 52 чакырым жолдун үстүнкү катмарына асфальт тɵшɵлдү. Курулуш иштери 2023-жылы башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Ала-Бука менен Чаткалды бириктирген бул жол IV категориядагы, эки тилкелүү жана 11,5 тонна жүк көтөрүмдүүлүгүнө ылайыкталган. Долбоордо жалпы 11 көпүрө жана 22 сел өткөрүүчү өтмөктүн курулушу каралган.

Долбоорлордун дагы бири - 25 жыл мурун салынган Бишкек–Ош стратегиялык автожолунун Суусамыр тилкесинде бүгүнкү күнгɵ чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул жылы аталган жолдо масштабдуу оңдоо иштери башталып, Суусамыр өрөөнүнөн Чычкан капчыгайына чейинки 104 чакырым жолду жаңылоо планы иштелип чыккан. Ошондой эле быйылкы жылы Бишкек-Ош жолунун 85 чакырымын оңдоо иштери пландалган. Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулган. Учурда 81 чакырымына асфальт тɵшɵлүп бүттү.

Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун соңку тилкеси болгон Сафаровка - Барпы жолунун жалпы узундугу 25 чакырымды түзɵт. Бул жол аталган эки айылдын аралыгындагы калктуу конуштарды айланып өткөн бөлүк. Курулуш иштери 1+100 чакырымдан 18+300 чакырымга чейинки аралыкта жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 54 даана техника жана 105 жумушчулар иш алып барууда.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолундагы кошумча 5 курулмада жумуштар кызуу жүрүүдө. Аталган жолдун кар көчкү көп катталган тилкелеринде коопсуздукту камсыз кылуу максатында 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө куруу пландалган. Учурда бул 5 ири курулуш объектисинде активдүү иштер жүрүүдө. Эстакадалык көпүрө объектилеринде жер иштери жана кɵпүрɵлɵрдүн негизин даярдоо, тирɵɵчтɵрдү куюу (свай) жумуштары уланууда.

Андан сырткары Суусамыр - Талас - Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери башталып, подрядчы тарабынан жол курууга керектүү техникалар камсыздалды. Жалпысынан реконструкция боло турган жолдун узундугу — 93 чакырым. Талас шаарынан башталып “Кичи-Капка” кɵзɵмɵл пунктуна чейин барат. Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Долбоордун кепилдик мөөнөтү — 5 жыл.

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду - Балбай баатыр тилкесинде да жол курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ. Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кɵпүрɵ куруу жумуштары аткарылууда. Курулуш иштери башталгандан бери эки тараптуу 77 чакырым аралыгына асфальттын астыңкы катмары басылды. Автожол 4 тилкелүү болуп, ортосуна темир тосмолор коюлат. Долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарга аялдамалар, эс алуу зонасы жана унаа токтотуучу жайлар курулат”,-деп белгиледи ал.

Андан сырткары, министрлик тарабынан борбор калаанын айланасында альтернативдүү каттамдарды көбөйтүү, жол тыгынын жөнгө салуу максатында алты тилкелүү алгачкы трассанын курулуп, эки деңгээлдүү жол түйүндөрү тургузулууда. Лебединовка-ГЭС 5, Бишкек-Кант, Бишкек-Күнтуу-Шопоков унаа жолдору реконструкциядан өтүүдө. Эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдор менен катар туристтик жайларга барчу жолдордун абалы да жакшырып жатат.

Быйыл бир катар ири жолдордун ачылышы өтүп, пайдаланууга берилди. Атап айтсак, Өзгөн - Мырзаке - Кара-Кулжа, Ош - Баткен - Раззаков, Түп - Кеген жолдору ачылды. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү кыска мөөнөттө жаңыланды.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү жолдордун 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жол транспорт тармагына бюджеттен каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашууда.

Андан сырткары, жол-транспорт тармагында техникалык база толукталып, алынган техникалардын саны артып, аймактарга бөлүнүп берилүүдө. Атап айтканда Жол фондунун эсебинен акыркы жылдары жалпы 750 атайын техника сатып алынган жана 2026-жылы дагы 484 атайын техника сатып алынуусу күтүлүүдө.