Эгемендүүлүк күнүн утурлай Жалал-Абадда инструктордук кеңешме өттү

Аймак 28 август 2025 12:55
539959721_1165586082257058_7825055534320653679_n.jpg
518257049_1165586022257064_4641486634915723671_n.jpg
538547432_1165586028923730_5318155955742707645_n.jpg
540768952_1165586012257065_1428510897285846742_n.jpg
Алдыга
Артка
539959721_1165586082257058_7825055534320653679_n.jpg
518257049_1165586022257064_4641486634915723671_n.jpg
538547432_1165586028923730_5318155955742707645_n.jpg
540768952_1165586012257065_1428510897285846742_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө карата инструктордук кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, ошондой эле өздүк курамы катышты.

Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусунун аймагында көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын жеринен текшерип, кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди. Салтанаттуу майрам учурунда ар бир кызматкер өзүнө бекитилген аймагында ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин эскертти. Ошондой эле эл көп чогулган жерлерде кыраакы болууну, мыйзам бузууларга жол бербөөнү тапшырды.

Эскерте кетсек, Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткандыгына байланыштуу, иш-чаранын алкагында бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык объекттердин ачылышы күтүлүүдө.

Ал эми 30-августтан 1-сентябрга чейин Жалал-Абад облусунда 2000ге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.