Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абадда өтөт

Аймак Загрузка... 21 Август 2025 15:35
WhatsApp Image 2025-08-21 at 15.13.48.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын эски аянтында күндүзгү концерттик программалар уюштурулат.

Ошондой эле 30-31-август күндөрү Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындардын эл аралык айтышы болот.

Мындан тышкары, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышына карата мамлекет башчысынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда кечки чоң концерттик программа өтөт.

Министрликтен майрам жакындаганда дагы кошумча маалыматтар берилерин айтышты.