Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөдө 66 өнөр жай объектиси ишке берилет – Орунтаев

Коом Загрузка... 27 Август 2025 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөдө 66 өнөр жай объектиси ишке берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, минкаб төрагасынын атайын тапшырмасына ылайык, жыл аягына чейин 128 өнөр жай объектисин ишке берүү тапшырмасы коюлган.

“Өнөр жай объектилеринде курулуш иштерин четинен бүткөрүп жатабыз. Жалпы 128 ишкананын 66сы Эгемендүүлүк күнү пайдаланууга берилсе, калган өнөр жай объектилери жылдын аягына чейин ачылат”, - деди Орунтаев.

Ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө карата курулуш иштери бүткөрүлгөн 100дөн ашык социалдык объект пайдаланууга берилерин министр тастыктады.

“Бүгүнкү күндө өлкө аймагында социалдык объектилерди куруу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Биз министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларды толук аткарып жатабыз. 31-августка карата 100дөн ашык социалдык объекти ачылат. Андан тышкары, жылдын аягына чейин дагы 100 объектини ишке берүүнү пландап жатабыз. Жалпы жыл аягына чейин өлкөдө 200 социалдык объектинин курулуш иштерин бүткөрүү милдети коюлган”, - деди министр.

Белгилей кетсек, Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде бүгүнкү күндө республиканын аймагында министрлик тарабынан эле 580ге жакын объектинин курулуш иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

“Курулуш министрлигинен тышкары башка министрликтер, мекемелер да өздөрүнүн курулуштарын жүргүзүшөт. Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана башка мекемелер өздөрүнүн курулуштарын жүргүзүп келишет. Курулуштардын бардык жалпы санын айта кетсек, республиканын аймагында болжол менен 1000ге жакын объекттин курулушу жүргүзүлүүдө”,- деди ал.

Ошондой эле мамлекет тарабынан курулуш тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмүнө токтолуп, 2024-жылдын 12 айында бардыгы болуп 12 млрд сом бөлүнсө, 2025-жылдын ушул күндөрүнө карата бөлүнгөн каражат ошол 12 миллиардка жакындап калганын кошумчалады.