Эгемендүүлүк күнүнө карата “Кара Кызыл Сары" тасмасынын бет ачары өтөт

Маданият Загрузка... 20 Август 2025 15:25
WhatsApp Image 2025-08-20 at 15.29.53.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" аттуу толук метраждуу көркөм тасмасынын улуттук бет ачары өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу “Кыргызфильм" улуттук киностудиясынан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, тасмада кыргыздын, анын ичинде башкы каарман Турдугүлдүн килем токуу өнөрү жана анын кеч келген махабаты, үй-бүлөлүк жоопкерчилик чагылдырылган. Фильмдин аталышы килемдеги өңдөргө байланыштуу коюлган.

Анын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери 2024-жылы Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Кино тасма июнь айында XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын баш байгесинин жеңүүчүсү болгон.