Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Юстиция министрлиги 27–29-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча масштабдуу 3 күндүк акысыз юридикалык жардам берүү акция өткөрөт.
Ведомстводон билдиришкендей, бул иш-чара республиканын бардык аймактарында жарандарга укуктук кеңеш берүү, суроолоруна жооп алуу, жана туура багыт алуу максатында өткөрүлүүдө.
Аталган күндөрү жарандар төмөнкү даректерге кайрылуу аркылуу квалификациялуу юристтерден акысыз жардам ала алышат.
Бишкек шаары
- Биринчи май району – Чүй проспектиси 219а
- Ленин району – СБ “Берекет Гранд”
- Свердлов району – Жибек-Жолу 381
- Октябрь району – СБ “Оберон”
Ош облусу
- Ош шаары – “Корона” соода борбору
- Өзгөн району – Борбордук базар
- Кара-Суу району – Мамлекеттик нотариус алдындагы аянтча, МЭЗ-1 көчөсү
- Ноокат району – Гүлистан айыл өкмөтү
- Кара-Кулжа району – Кара-Кулжа Юстиция үйү
- Араван району – Администрациянын алдында, Ленин көчөсү 1
- Алай району – Мамлекеттик нотариаттын алдында
- Чоң-Алай району – Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрация
Баткен облусу
- Баткен шаары – Баткен облустук филиалы, ОАО “Кыргызтелеком”
- Кадамжай району – Кызыл-Кыя ш., Масалиев көчөсү 60
- Лейлек району – Раззаков шаарынын мэриясынын имараты
- Кызыл-Кыя шаары – Масалиев көчөсү 60
Жалал-Абад облусу
- Жалал-Абад шаары – жаңы ачылган аллея
- Базар-Коргон району – КТБ
- Ноокен району – Дооронбек Садырбаев айыл өкмөтүнүн имараты
- Аксы району – КТБ
- Кара-Көл шаары – Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору
- Ала-Бука району – Ала-Бука айыл өкмөтүнүн имараты
- Чаткал району – КТБ
Ысык-Көл облусу
- Каракол шаары – Абдрахманов көчөсү 105
Нарын облусу
- Нарын шаары – Ленин көчөсү 22
- Ак-Талаа району – Баетов айылы, Манас көчөсү 41, “Арзан” СБ
- Кочкор району – Баялы Исакеев көчөсү 46
Талас облусу
- Талас шаары – Оторбаев көчөсү 113
- Ч.Айтматов району – Жаштар борборунун имараты
- Бакай-Ата району – Отунбай айылы, 40-көчө
- Манас району – Юстиция үйү, Кояшев көчөсү
Чүй облусу
- Жайыл району – Кожомбердиев көчөсү 110
- Москва району – Ленин көчөсү 27
- Панфилов району – Центральный көчөсү 24
- Сокулук району – Фрунзе көчөсү 116
- Ысык-Ата району – Ленин көчөсү 97
- Токмок шаары – Сарыбагышев көчөсү 80а (китепкана)
- Кемин району – КТБ