Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында белгиленип жаткан Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатка Баткен облусунун атайын делегациясы “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас”, "Каада-салттар” жана “Улуттук даамдар” кароо сынактарына катышууда. Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Баткен облусунун Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары тарабынан даярдалган боз үй көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
"Кыргыз боз үйү тигилип, ичинде улуттук тамак аштар жана элибиздин кол өнөрчүлүгү чагылдырылган. Боз үй – кыргыз элинин салттуу турак жайы. Сынактын максаты - маданий, архитектуралык мурастын жана этностук өзгөчөлүктүн маанилүү элементи катары боз үйлөрдү көркөм жана этномаданий жасалгалоо аркылуу кыргыз элинин салттуу маданиятын жана өлкөнүн аймактарында жашаган элдердин жашоосун сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми “Улуттук даамдар” сынагында улуттук тамак аштар, Баткендин нукура азыктары менен айкалышкан даамдары баалоого арзыган.
Сынак кыргыз элинин улуттук ашканасын жаңыртууга, сактап калууга жана аны дүйнө жүзүндө таанытууга багытталган.
Жыйынтыгында “Эң мыкты улуттук тамак”, “Эң мыкты даам”, “Эң кооз жасалгаланган үстөл” наамдары ыйгарылмакчы.
Ошондой эле Баткен облусунун бир катар алдыңкы ишканалары Жалал-Абадда өтүп жаткан республикалык жарманкеге катышышып, өз продукцияларын тартуулашты.
"Улуу мурас" каада-салттар жана кол өнөрчүлүк сынагына Сүлүктү шаары жана Лейлек районунун маданият кызматкерлери жана уз чеберлери катышууда. Сүлүктү шаары кыз узатуу салтын, Лейлек району Лейлек килемин көрсөттү.
Бул сынактын максаты – кыргыз элинин улуттук каада-салттарын сактоо, жайылтуу жана өнүктүрүү.
Эскерте кетсек, Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда майрамдык маданий иш-чаралар өтүүдө.