Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда жалган билдирүү тарап жатканын эскертти.
Ведомствонун маалыматына караганда, социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата жарандарга 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилет деген жалган маалымат тараган.
"Жасалма жарыяда көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, төлөмдү алуу сунушталууда", - деп айтылат маалыматта.
ИИМ жарандарды мындай шилтемелерге кирбөөгө жана жеке маалыматтарын, банктык реквизиттерин жана башка купуя маалыматтарын киргизбөөгө чакырды.
Мамлекеттик төлөмдөр жана расмий чечимдер тууралуу маалыматтарды мамлекеттик органдардын расмий булактарынан гана алууга кеңеш берилет.