“Дельфин” бассейнине инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү

Коом 24 Август 2026 15:00
2016-11-09_16-40-43_838365.jpg
784197600_2144903206090120_2474320893082558906_n.jpg
778972400_2411916749336091_5492104624973658839_n.jpg
783556029_1561299442070061_1194417735319892251_n.jpg
784426847_1081091797713856_3984886346103371552_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Дельфин” бассейнинин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери объекттин техникалык документтерин карап чыгып, тиешелүү чиймелерди даярдап, имараттын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жасашты.

Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, имаратты мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкмакчы.