Эттин баасын кармап турууга 500 млн сом бөлүндү – президент

Экономика 176 14 Август 2026 16:55
WhatsApp Image 2026-08-14 at 16.55.10.jpeg

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде өлкөдө баалардын өсүшүн кармап туруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында социалдык мааниге ээ тогуз азык-түлүктүн алтоо учурда өлкө ичинде өндүрүлөт. Калган үч товар боюнча импортту алмаштыруу багытында иштер жүргүзүлүүдө.

Президент эттин баасына өзгөчө токтолду.

"Эттин баасын кармап турууга 500 млн сом бөлүнгөн. Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэрияларына жана облустук борборлордун администрацияларына эттин чекене баасын килограммына 650–700 сомдун чегинде кармап туруу тапшырмасы берилген",-деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров министрлер кабинети жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды мындан ары да көрөй тургандыгын кошумчалады.