Эгемендүүлүк күнү өлкөдө төрт чакан ГЭС ишке берилет - Таалайбек Мамбеталиев

Коом Загрузка... 26 Август 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-08-26 at 17.31.33.jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. 31-август Эгемендүүлүк күнүндө өлкөдө төрт чакан ГЭС ишке берилет. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда “Боз-Учук”, “Койсу” чакан ГЭСтери, Чүй облусунда “Ысык-Ата-2” жана Жалал-Абад облусунда “Аксый” чакан ГЭСтери ишке берилмекчи.

“Жалпы 2025-жылы ишке берүү пландалган 128 ишкананын ичинен быйылкы жылы жети облус боюнча 18 чакан ГЭС ишке кирет. Ал эми мамлекетке караштуу чакан ГЭСтерди "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому тейлеп, эксплуатациялык иштерди жүргүзөт. Бүгүнкү күндө акционердик коомдун карамагында 10 чакан ГЭС бар. Жылдык кубаттуулугу 63,4 мегаватты түзгөн кичи ГЭСтерди иштетебиз. 2025-жылы электр энергиясын өндүрүү боюнча планыбыз 186 млн 623 киловатт саат электр энергиясы болсо, учурда 7 айдын жыйынтыгы менен биз 165 млн 750 киловатт саат электр энергиясын өндүрүп, пландан тышкары 25 пайыз ашыгы менен аткардык”,- деди Мамбеталиев.

Ошондой эле ишкана өкүлү келе жаткан кыш - күз мезгилине даярдыктар катуу жүрүп жатканын белгиледи.

“2025-жылга төрт гидроагрегатты капиталдык ремонттон өткөрүүнү пландаштырганбыз. Төрт гидроагрегаттын үч гидроагрегатты азыркы учурда толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кыш мезгилине даяр. Иштер график боюнча жүрүп, сентябрь айынын аягы менен толук кандуу ишке даяр болот”,- дейт ал.

Жыйынтыктап айтсак, Энергетика министрлигинин алдындагы "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому мамлекеттик ишканасы келе жаткан 2025-2026 - күз - кыш мезгилине толук даярдык менен кирип, абоненттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздамакчы.