Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Жакынкы күндөрү менин алгачкы кыргыз тилиндеги “Менин Эверестим” аттуу китебим жарык көрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
“Китебим алгач орус тилинде чыгып, анын окурмандары абдан көп болду. Азыр аны кыргыз тилине которуп, басып чыгарууга даярдап жатабыз. Китепти кыргызча окуганда абдан таасирлендим. Кыргыз тили ушунчалык терең, нукура, мааниси бай экен. Айрым учурларда абдан курч да сезилет. Чындыгында китептин кыргызчасы салмактуу жана кызыктуу болуп чыкты”, - деди ал.