Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Президенттердин ичинен Садыр Жапаров өзүнүн эрктүүлүгү менен айырмаланып, болгону 8 айдын ичинде Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарууга жетишти. Мындай пикирин Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр кен долбоору көп жылдар бою экономикалык эмес, саясий куралга айланып калган. “Аскар Акаевдин тушунда абдан көп туура эмес иштер болгон. Биз Кумтөрдөгү үлүшүбүздөн да ажырап калганбыз. Курманбек Бакиевдин учурунда болсо кайтарып алууга аракеттер болгон, бирок алар реалдуу жыйынтыкка алып келген эмес. Кыргыз элине пайда алып келе турган чечимдер кабыл алынган эмес,”- деди Кубатов.
Ал белгилегендей, президентте эрк болбосо, өлкө алдыга жылбайт. Ошондуктан мамлекет башчысынын чечкиндүүлүгү абдан маанилүү.