Эдуард Кубатов К2 чокусуна чыгуусун Эгемендүүлүк күнүнө арнады

Коом 14 август 2025 12:34
531398272_18051126221563852_1964758340514074456_n.jpg
531338819_18051126251563852_89066270860951433_n.jpg
532348619_18051126260563852_3603143736911489306_n.jpg
533032358_18051126248563852_5084492898946962300_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эдуард Кубатовдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү экинчи бийик чоку — Пакистандагы К2 (8611 м) чокусун кычкылтексиз багындырды.

Спортчунун айтымында, ал чокуга 11-август күнү саат 17:00дө жетип, 13-август күнү эртең менен базалык лагерге аман-эсен түшкөн. Кубатов бийиктикке чыгуу оор шарттарда болгонун, айрым катышуучулар түшүүдө оор жаракат алып, бир альпинист каза болгонун белгиледи.

"Жеңишти Эгемендүүлүгүбүзгө арнайм жана биздин улуу элибиздин бир бөлүгү болгонума сыймыктанам! Азыр биз Скарду шаарын көздөй баратабыз. Бир аз ден соолугум начар, бирок мен мекениме кайтып жатам", — деп жазган Кубатов.

Ал чокуга чыккандагы видео жана сүрөттөрдү интернет тарткан аймакка кайтып келгенден кийин жарыялай турганын кошумчалады.