Каракол, 20.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов 2026-жылдын март айында дүйнөнүн үчүнчү эң бийик чокусу Гималайдагы Канченджанга тоосуна чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эки ай мурун ал Пакистандагы эң кыйын чоку деп эсептелген К2 тоосуна кычкылтек колдонбостон чыгып келген.
“Бул — улуттук жана дүйнөлүк рекорд болуп эсептелет. Азырынча бир аз эс алып, алдыдагы жаңы максаттарга даярданып жатам. Буйруса 2026-жылдын март айында Канченджанга чокусун багынтууну көздөп жатам. Эгерде бул экспедиция ийгиликтүү өтсө, андан соң 8 200 метр бийиктиктеги Пакистандагы Нангапарбат тоосуна чыгам”,- деди Эдуард Кубатов.