Эдил Марлис уулу: Балким, Атамбаев менен анын тарапташтары оңой кутулушту?

Пикир Загрузка... 05 Июнь 2025 15:00
IMG_0081.jpg
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Кой-Таш окуясына мурдагы достор Атамбаев менен Жээнбековдун жеке тирешүүсү алып келди. Бул тууралуу коопсуздук боюнча эксперт Эдил Марлис уулу “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев өзүнө козголгон иштер боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартып, тергөөчүнүн чакырыктарына көңүл бурбай, өзүн мыйзамдардан жана мамлекеттен жогору койгон. Кой-Ташта күч органдарына куралдуу каршылык көрсөтүп, Атамбаев жана анын командасы дагы бир чоң кылмышка барган.

"Атамбаев ошол кезде бийликке жана мамлекетке каршы экенин ачык көрсөтө баштаган. Жарандарды конституциялык түзүлүшкө каршы чыгууга үндөөгө эч кимдин укугу жок. Бул каршылык кагылышууларга алып келип, натыйжада бир аскер кызматкери каза болуп, милиция кызматкерлери да, каршылык көрсөткөндөр да жарадар болушкан. Мындай аракеттер сөзсүз түрдө жазасын алышы керек.

Өкүм оор болдубу? Өз милдетин аткарууга бел салган офицер куралдуу каршылык көрсөтүүнүн натыйжасында каза болуп жатса, өкүм кандай болушу керек? Балким, тескерисинче, Атамбаев жана анын тарапташтары оңой эле кутулушкандыр? Ок чыгарган өзү экенин экс-президент өзү да мойнуна алган. Ошого ылайык, ал адам өлтүргөн кылмышкер катары жазасын алды. Мындай кадам өлкөнүн мурдагы лидери статусуна ээ болгон күндө да, бул аны жоопкерчиликтен бошотпойт.

Ал эми Атамбаевдин жаза алган тарапташтары боюнча айта турган болсом, ооба, ошол күндөрү Кой-Ташта ар кандай топторго бириккен адамдар чогулган, бир гана экстин тарапташтары эмес, кырдаалды дестабилдештирүү максатында кошулган башка адамдар да бар болчу. Алардын арасындагы ошол мезгилдеги президент Жээнбековго нааразы болгондор болсо, анда ага каршы күрөштү укуктук-саясий талаанын алкагында жүргүзүшү керек эле. Бирок алар тескерисинче элди митингге чакырышкан. Жээнбеков тиран да, диктатор да болгон эмес. Бирок оппозициябыз дегендер аны күч менен кулатуу жолун тандап алышкан.

Соттун чечимине Атамбаевдин тилектештеринин жана айрым активисттердин учурдагы реакциясы, Атамбаев чет жакта жүрсө дагы, Кыргызстандагы стабилдүүлүктү бузууга багытталган ишмердүүлүгүн токтотпой жатат деген ойго түртөт. Балким алар бул өкүмдү саясий максатта колдонуп жаткандыр. Жүрүм-турумдарын байкасак, алар коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга шылтоо тапканы көрсөтүп турат.

Биз эгемендүү мамлекет болгондон бери 30 жылдан ашык мезгил аралыкта цивилизациялуу укуктук мамлекетти курууга аракет кылып жатабыз. Бирок тынымсыз бийлик тиреши, төңкөрүштөрдөн улам өнүгүү жолуна түшө албадык. Ооба, мен да бийликти көп сындап келем. Атамбаевдин тушунда да, Жээнбековдун убагында да, азыркы жетекчиликтин тушунда да. Бирок мен акылга сыярлык иш кылганга аракет кылам, өзүмдүн оюмду жүйөлүү, аргументтеп айтам”, - деп баса белгиледи Эдил Марлис уулу.