Эдил Байсалов Санариптик өнүктүрүү министрлигине G-Cloud фермасын аймактарга жайгаштырууну сунуштады

Санарип Кыргызстан Загрузка... 20 Июнь 2025 14:14
2025-03-13_14-20-24.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек,20.06.25./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине G-Cloud фермасын аймактарга жайгаштырууну сунуштады.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте G-Cloud биринчи мамлекеттик булут платформасы ишке киргизилген.

Анын айтымында, булут платформа фермасы салкын жерге жайгаштырылышы керек. "Аны Бишкекте жасабаш керек. Анткени борбор калаада кышында суук, жайында ысык болот. Бул электр энергиясынын кымбаттыгына алып келет. Бул Токтогул районунда же климаты салкыныраак Ысык-Көлдө болушу керек", — деди Байсалов.

Digital CASA - KR долбоорунун техникалык координатору Рустамбек Сарткалчаев бул маселе иштелип жатканын белгиледи.