Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясатын улантат — Эдил Байсалов

Саясат Загрузка... 11 Декабрь 2025 17:27
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясатын улантат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов The Liberum басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бардык коңшу өлкөлөр жана алдыңкы дүйнөлүк державалар менен конструктивдүү мамилелерди сактаган эгемендүү мамлекет.

"Биздин мамилебиз тынчтык дипломатиясына, БУУнун Уставына жана эл аралык укукка негизделген. Биздин багыт жөнөкөй: элибиз үчүн ийгиликтүү мамлекетти куруунун улуттук кызыкчылыктары. Биз башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишпейбиз жана биздин ишибизге кийлигишүүнү кабыл албайбыз. Ошондуктан, Кыргызстан "бир тарапты тандоосу" керек деген идея биз үчүн такыр кабыл алынгыс. Биз кичинекей мамлекеттердин позициясын бузууга багытталган ар кандай неоимпериалисттик аракеттерди чечкиндүү түрдө четке кагуу менен бардык өнөктөштөр менен кызматташууну жана сооданы улантабыз. Биздин тышкы саясатыбыз прагматикалык, туруктуу жана өнүгүүгө багытталган бойдон кала берет", - деди ал.