Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Алдыдагы парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлерден мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия-Кыргыз билим берүү форумунун экинчи жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, буга чейин кабыл алынган мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам коомчулукта кызуу талкууларды жаратып, ар түрдүү пикирлерге себеп болгон. Себеби мыйзамда мамлекеттик кызматкерлерден, анын ичинде депутаттардан, кыргыз тилин А2 деңгээлинде билүү талабы каралган.
Ал ошондой эле быйыл жаз айларында бул талапты киргизүүнү бир нече жылга жылдыруу туура болорун айтып чыкканын эске салды.
Анын айтымында, мындай чечим мыйзамды ишке ашырууда адилеттүү жана жүйөлүү өткөөл мезгилди камсыздоого, ошондой эле тиешелүү шарттар менен ресурстарды даярдоого мүмкүндүк берет.