ЕБ Кыргызстанга 6,5 млн евро грант бөлдү. Каражат кандай максатка жумшалат?

Экономика Загрузка... 06 Октябрь 2025 18:08
0-1699446163-Oleg-post-material.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Европа Биримдиги билим берүү тармагын колдоо максатында Кыргызстандын өкмөтүнө гранттык негизде 6,5 млн евро, же болжол менен 663 млн сом өлчөмүндөгү бюджеттик жардамды которду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Евробиримдиктин колдоосу Кыргызстандагы мектептик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, жынысына, этникалык жана тилдик таандыгына карабастан бардык балдар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

ЕБ менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин биргелешкен аракеттери билим берүү системасы сунуштап жаткан көндүмдөрдү жана квалификацияларды эмгек рыногунун талаптарына жана заманбап демократиялык коомдун жашоо шарттарына ылайык келтирүүгө багытталган.

ЕБнын колдоосу Агартуу министрлигинин илим, технология, инженерия жана математика (STEM) багытындагы ишмердүүлүгүн колдоого, санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту жана “жашыл көндүмдөрдү” илгерилетүүгө, ошондой эле  заманбап жаңы окуу китептери менен камсыздоого жардам берүүгө багытталган.

Бул транш Кыргызстандагы “Алтын Казык” улуттук билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн жалпы 27 млн евронун үчүнчү төлөмү болуп саналат.

"ЕБнын “Global Gateway” стратегиясынын алкагында билим берүү — келечектеги жумуш орундарына зарыл көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, теңдикти жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле санариптик жана экологиялык ыкмаларды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар үчүн негизги тармак болуп саналат. Баарына бирдей жана инклюзивдүү сапаттуу билим берүү – Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүктөгү узак мөөнөттүү негизги артыкчылык болуп саналат”, - деди Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчисинин милдетин аткаруучу Ханс Фарнхаммер.