ЕӨБ: Кыргызстан ички инвестициялардын көлөмү боюнча Борбор Азиянын лидери

Экономика 28 май 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-05-28 at 18.05.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 18.05.21.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-28 at 18.05.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 18.05.21.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкынын “Өз ара инвестицияларды мониторинги – 2024” аналитикалык баяндамасында Кыргызстан ички региондук түз инвестициялардын көлөмү боюнча Борбор Азиянын лидери болуп калды.

Банктын маалыматы боюнча чөлкөм ичиндеги түз инвестициялардын 49 пайызы Кыргызстандын үлүшүнө туура келет. 2024-жылдын ортосуна карата Борбор Азия өлкөлөрүнөн республиканын экономикасына топтолгон инвестициянын көлөмү 406 млн долларга жеткен.

Маалыматта айтылгандай, бул 2023-жылдын башына салыштырмалуу 23 пайызга, ал эми 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 эсеге көп. Инвестициялардын негизги алуучулары каржы сектору болуп ал жалпы көлөмдүн 44 пайызын түзсө, өндүрүш 30 пайыз болду.

Ошол эле учурда эң жогорку өсүү темпин көрсөткөн кайра иштетүү өнөр жайы болду. Акыркы 1,5 жылда 58 пайызга жогорулаган. Акыркы жылдардагы ири долбоорлордун катарына Ысык-Көл облусунда күн электр станциясы, Кара-Балта шаарында текстиль комбинатын куруу, ошондой эле кошуна өлкөнүн инвесторлорунун Кыргызстандын каржы тармагындагы келишимдери бар.