ЕАЭБдеги инфляция. Кыргызстанда баалар 0,2 пайызга өскөн

Экономика Жүктөлүүдө... 17 Апрель 2025 12:38
SQ5BJUuA.max-1920x1080.format-webp.webp
0d0bfb79-ca8a-41ab-bf37-b87db318651e.jpg
0d0bfb79-ca8a-41ab-bf37-b87db318651e.jpg
Алдыга
Артка
SQ5BJUuA.max-1920x1080.format-webp.webp
0d0bfb79-ca8a-41ab-bf37-b87db318651e.jpg
0d0bfb79-ca8a-41ab-bf37-b87db318651e.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. 2025-жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,2 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарларына баалардын 0,2 пайызга өсүшү менен шартталган.

0d0bfb79-ca8a-41ab-bf37-b87db318651e.jpg

2025-жылдын мартында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,9 пайыз) Казахстанда катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (4,5 пайызга) жана азык-түлүк эмес товарларга (2,4 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин максималдуу өсүшү (4,5 пайызга) Беларусь Республикасында жана Казакстан Республикасында катталган.

0d0bfb79-ca8a-41ab-bf37-b87db318651e.jpg