ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген жүктөр Кыргызстанга киргизилбейт

Экономика 1125 08 Январь 2026 21:52
611151780_122199286622341273_6506526774235060712_n.jpg
611163638_122199286676341273_9034872659564317877_n.jpg
611165650_122199286652341273_2483766928867577334_n.jpg
611170850_122199286664341273_8399847063199442807_n.jpg
611176783_122199286712341273_6298672803043735476_n.jpg
614033159_122199286718341273_4078737706042098374_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 08.01.26. /Кабар/. Бүгүн Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору М.А. Кочеров кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Кант» көзөмөл пункттарынын ишин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Каникул күндөрүнө карабай жүргүзүлгөн бул текшерүүдө импорт-экспорт жүктөрүнүн фитосанитардык коопсуздугун жана ЕАЭБ талаптарынын сакталышын күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары тарабынан карантинге алынган продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык талаптарды так сактоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө мыйзам бузуулар табылган учурда айыл чарба продукциясын кайтарып берүү, жок кылуу же зыянсыздандыруу сыяктуу тиешелүү чараларды көрүү зарыл.

Ошондой эле республиканын аймагына ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бербеген, коопсуздукка коркунуч келтирген жүктөрдү киргизбөө боюнча тапшырмалар берилди.