Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи жогору. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын ШКУ, ЖККУ жана ЕАЭБ сыяктуу уюмдардагы орду чоң жана жемиштүү.
"Мында ар бир өлкө өз добушуна ээ жана өзүнүн көз караштарын билдирүүдө эч кандай кысымга кабылбаган мамлекеттердин биримдиги. Бул биринчи кезекте жаратмандыкка багыт алган пикирлештердин уюму. Өткөн жылы ЕАЭБ түзүмүндө Кыргызстан ИДПны 4,4 пайызга, быйыл дагы 2 пайызга көбөйткөн. Өткөн жылы Кыргызстандын өсүү темпи 9 пайызды түзсө, быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 11,7 пайызды түздү, бул абдан олуттуу өсүш", – деп белгиледи элчи.