Кыргызстан металл корпус жеткирет, ЕАЭБ 222 млн рубль субсидия бекитти

Экономика Загрузка... 08 Декабрь 2025 16:00
envato-labs-image-edit (1) (1).png
copyright icon WWW

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде Кыргызстандын компаниясынын катышуусу менен жеке компьютерлердин системалык блокторун өндүрүү боюнча кооперациялык долбоор жана ЕАЭБ бюджетинен субсидия берүү жактырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Долбоордун билдирүүчүсү Россиянын "Сбербанк" коомдук акционердик коому. Аны россиялык "Бештау Электроникс" ЖЧКсы Кыргызстандан жана Беларустан келген ишканалардын катышуусу менен ишке ашырат.

Кыргызстандан системалык блоктор үчүн металл корпустарын жеткирүүчү "Кыргызэлектроника" ЖЧКсы катышат. Долбоор боюнча ишкананын болжолдуу кирешеси 2030-жылга чейин 175 миң корпусту жеткирүүдө 416,5 млн рублди түзөт.

Долбоор даярдоо мезгилин (2026-жылдын 1-кварталы – 2027-жылдын 1-кварталы), өндүрүштүн эки этабын ишке киргизүүнү жана 2028-жылдын 2-кварталында толук кубаттуулукка чыгууну карайт. ЕАЭБ бюджетинен субсидиянын көлөмү 222,2 млн рублди түзөт, бул Россия Банкынын негизги ставкасын эске алуу менен кредиттик ставканы 23 пайыздан 6,5 пайызга чейин төмөндөтөт.

Биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кредиттер жана займдар боюнча пайыздык ставкаларды субсидиялоону караган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнө финансылык колдоо механизми 2023-жылы иштей баштаган. Ал өнөр жай кооперациясын стимулдаштыруу үчүн түзүлгөн жана уюмга мүчө мамлекеттердин ишканаларына тартылган финансылык ресурстардын наркын кыйла арзандатууга мүмкүндүк берет.

КР Экономика министрлиги долбоордун өтүнмөсүн даярдоого жана коштоого ар тараптуу жардам көрсөттү. Бизнести субсидиялоо механизминин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга активдүү катышууга чакырабыз.

Маалымат үчүн: кооперациялык долбоорлор келип түшкөн сайын жылына эки жолу – 1-апрелге чейин жана 1-октябрга чейин – өтүнмөлөрдүн тизмеси түзүлүп, аларды приоритетине жараша баалоо жүргүзүлөт.