Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин Чолпон-Атадагы жыйынында кабыл алынган келишимдер Кыргызстан сыяктуу экономикасы чакан өлкөлөр үчүн ресурстарга, инвестицияларга жана эбегейсиз чоң рынокко жол ачты. Электрондук сооданы жөнгө салуу, бирдиктүү биржалык каржы базарын түзүү жана илимий даражаларды автоматтык түрдө таануу боюнча акыркы тарыхый макулдашуулар кызматташтыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Экономисттер дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөр шартында аймактык интеграциялык уюмдардын мааниси артканын эске салып, Кыргызстандын экспорту үчүн жаңы рыноктор пайда болуп жатканын белгилешүүдө.
Бүгүнкү күнү ЕАЭБдин ишмердиги "төрт эркиндик" экономикалык модели менен жүргүзүлүп келет. Алар товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыз кылуу. Айтмакчы, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү быйыл 7,3%га өсүп, 102 млрд долларга жетиши күтүлүүдө. Бул көрсөткүч 2025-жылы 95 млрд доллар болчу.
ЕАЭБ Кыргызстан сыяктуу экономикасы чакан өлкөлөр үчүн ресурстарга, инвестицияларга жана эбегейсиз чоң рынокко жол ачты. Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин катарындагы он жыл бир катар жетишкендиктер менен коштолду десе болот. Биринчиден, 2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын ИДПсы 55,3% га өсүп, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч.

Белгилей кетсек, ЕАЭБ менен сооданын үчтөн бир бөлүгүнө жакыны Россия менен жүргүзүлөт. Бул кызматташтыкты Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду илгерилетип, кыргызстандык бизнес үчүн олуттуу колдоо болуп берди. Ушул кезге чейин фонд тарабынан бөлүнгөн жалпы каржылоонун көлөмү 1,5 млрд долларга жакындап, анын бардыгы республиканын экономикасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Энергетикадан баштап, айыл чарба, жеңил өнөр жай, транспорт, туризм баштаган тармактарда жүздөгөн долбоорлор каржыланды. Ысык-Көлдө өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда жалпы суммасы 800 млн долларды түзгөн макулдашууларга кол коюлду. Бул каражатка Нарында күн электр станциясы, Ысык-Көлдө шамал станциясы, ошондой эле логистикалык борбор салынмай болду. Ал эми фонддун өз капиталы жакынкы жылдары 1 млрд долларга көбөйтүлөт.
Ошондой эле ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттардын ишин жөңгө салуу, бажы ишмердигин жакшыртуу, кызматтарды санариптештирүү боюнча бир катар аракеттер көрүлдү. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, ЕАЭБдин алкагында фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл системасы жөнгө салынууда.
Ошол эле убакта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЕАЭБге буга чейин жетишилген келишимдерди аткаруу зарылдыгын эскертти. Алар жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, товарлардын кыймылын тездетүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рынокторуна жеткиликтүүлүктү жакшыртууга байланыштуу иштер.
ЕАЭБдин Чолпон-Атадагы өкмөттөр аралык кеңешмесинин жыйынтыгы
Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт башчыларынын Чолпон-Атадагы кеңешмеси бир катар конкреттүү иштерге жол ачты. Биринчиден, буга чейин кыйла талкууланып келген электрондук соода жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Эми ЕАЭБде интернет соодасын жүргүзгөндөрдүн кызыкчылыгы жана кардарлардын укугу тегиз корголуп, тоскоолдуксуз соодага адилеттүү шарт түзүлөт. Мисалы, буга чейин кыргызстандык миңдеген тигүүчүлөр жана соодагерлер товарларларын Wildberries, Ozon сымал маркетплейстер аркылуу Россия, Казакстанга сатып, айрым тоскоолдуктарга кабылып келишкен.
Кол коюлган дагы бир документ инвестор жана капитал тартууда кызуу жигердик көрсөтүп жаткан Кыргызстан үчүн маанилүү. ЕАЭБдин премьер-министрлери мүчө өлкөлөрдүн брокерлерин жана дилерлерин башка мамлекеттердин биржаларында уюштурулган соода-сатыктарга катышууга киргизүү жөнүндө келишимге келишти. Башкача айтканда, каржы базарларындагы машакаттуу механизмдер жоюлуп, бирдиктүү каржы мейкиндиги түзүлөт. Натыйжада ата мекендик банктар жана жергиликтүү ири компаниялар өнөктөштөрдүн каржы рынокторуна түз кирип, соодага катыша алат. Бул сырттан инвестицияны түз тартууга шарт түзөт. Ошондой эле валютаны алмаштыруунун кажети жок, ишкерлер бири-биринин акчасы менен соода жүргүзө беришет.
Ошондой эле экспорт жана импорт үчүн ЕАЭБдин рыногу кыйла кеңейди. Биримдиктин өлкөлөрүнүн, байкоочулары менен кызматташтарынын жана экономикалык алакага кызыгып жаткандардын жалпы рыногу 3,5 миллиарддан ашык адамдан ашты. Ал эми жалпы экономиканын көлөмү 28 триллион доллардан жогору. Алсак, Сербия, Иран жана Монголия менен эркин соода боюнча келишимдер күчүнө кирди. Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары жана Индонезия менен жаңы келишимдерге кол коюлду. ЕАЭБ Индия менен сүйлөшүүлөрдү улантып, Пакистан менен биргелешкен изилдөө тобунун ишин аяктаган. Иордания, Зимбабве жана Тунис менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча да иштер жүрүп жатат.
ЕАЭБдин иши канчалык натыйжалуу болсо, аны менен кызматташууну каалаган мамлекеттердин муктаждыгы ошончолук өсө берет. Ири рынок, бажысыз соода, биргелешкен өндүрүш чынжырлары — бул Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү. Потенциал абдан чоң, болгону Кыргызстан экспортко басым жасашы керек. Мындай пикири менен экономика илимдеринин доктору, профессор, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Роза Акназарова “Кабар” агенттигине билдирди.

“Кыргызстандын ЕАЭБдеги катышуусунун эң башкы жетишкендиги — ички өндүрүштүн жанданышы. ИДП тарыхта биринчи жолу триллион сомдук чектен ашты. Биримдиктин ичинде бажы тоскоолдуктарынын алынышы, логистикалык чыгымдардын азайышы биздин экономикага жагымдуу жана натыйжалуу таасир берүүдө”, - деди Роза Акназарова.
Экономика илимдеринин доктору ЕАЭБдеги биргелешкен өндүрүш чынжырларынын маанисине өзгөчө басым жасады. Чындыгында, бүгүнкү күндө Кыргызстан чийки зат ташуучу өлкөдөн өндүрүш чынжырчасына кошулган мамлекетке айланды.
“Автоунаа заводдору ийгиликтүү ишке кирди. Биздин ишканалар глобалдык автокомпоненттерди чыгаруу чынжырчасына интеграцияланууда. Ошондой эле ата мекендик бренд менен компьютерлерди жана заманбап техникаларды чыгаруу боюнча биргелешкен долбоорлор башталды. Агроөнөр жай комплексинде биргелешкен өндүрүштөр курулуп, техникалар жаңыланууда. Эң негизгиси — селекция жана үрөнчүлүк боюнча чогуу иштер жүрүүдө. Эгерде ЕАЭБ алкагында бирдиктүү Айыл чарба борбору (АПК) түзүлсө, бул тармактагы тоскоолдуктар толук жоюлуп, региондун азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат, - деп улантты окумуштуу.
Роза Акназарова Чолпон-Атадагы өкмөттөр аралык кеңеште кабыл алынган окумуштуулук даражаларды жана наамдарды өз ара автоматтык түрдө таануу келишими боюнча да пикирин билдирди.
“Мен докторлук даражамды Казакстанда жактагам. Буга чейин Казакстандан же Россиядан докторлук коргогон окумуштуулар өз өлкөсүндө аны кайрадан нострификациядан өткөрүп, убара болушчу. Эми бул барьер алынды. Бул илимдеги кызматташтыкты күчөтүп, биргелешкен инновациялык долбоорлорду илимий негизде иштеп чыгууга чоң жол ачат”, - деп жыйынтыктады профессор.
Экономист белгилегендей, айрым өнөктөш өлкөлөргө болуп жаткан санкциялык чектөөлөр баалардын көтөрүлүшү сымал таасир алып келгенине карабай, Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Биздин өлкө импортко көз карандылыкты азайтып, экспортко басым жасоо аракеттерин жигердүү уланта бериши керек. ЕАЭБдин негизги максаты да экономикалык тоскоолдуктарды жоюу аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын жыргалчылыгын жогорулатуу, глобалдык экономикалык кризистердин кесепеттерин азайтуу болуп саналат.