Эң жогорку активдүүлүк Сүлүктүдө: Баткенде 18:00гө карата шайлоонун жыйынтыгы

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 18:24
WhatsApp Image 2025-11-30 at 18.21.12.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Баткен облусунда саат 18:00гө карата шайлоочулардын 30,7%ы добуш берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, облуста шайлоочулардын жалпы саны 355 миң 192 жаранды түзөт.

Учурда 109 миң 88 жаран добуш берди.

Район-шаарлар боюнча жарандардын шайлоого катышуусу төмөндөгүдөй:

- Баткен району - 31,7%

- Кадамжай району - 29,3%

- Лейлек району - 35,0%

- Баткен шаары - 24,1%

- Кызыл-Кыя шаары - 26,4%

- Сүлүктү шаары - 35,6%

Аймакта жалпы 220 шайлоо участкасы өз нугунда иштеп жатат.