Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Талас облусунун аймагында саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9,5 пайызы же 17 миң 173 жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча 17 шайлоо округ, 117 шайлоо тилкеси бар. Андан тышкары, Жерүй алтын кенинде аралыктан добуш берүү тилкеси жайгашкан. Жалпы облус боюнча жалпы 181 миң 136 шайлоочу катталган. Талас облусунда 16 айыл аймак, 93 айыл жана бир шаар бар.
Саат 12:00гө карата добуш бергендердин саны төмөнкүдөй:
- Талас району – 3645 же 7,7% ;
- Айтматов району – 4312 же 9,2%;
- Бакай-Ата району – 4572 же 12,3%;
- Манас району – 2752 же 12,5%;
- Талас шаары – 1892 же 6,8%.
Талас облусунун шаар жана райондору боюнча жалпы шайлоочулардын саны:
- Талас району – 47 392;
- Айтматов району – 46 601;
- Бакай-Ата району – 37 140;
- Манас району – 22 021;
- Талас шаары – 27 982.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Талас облусунун тургундарын жана бардык мекендештерди шайлоого активдүү катышууга чакырып, өлкөбүздүн келечеги ар бирибиздин тандообузга түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеген.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.