Дзюдочулар дүйнө чемпионатында камсыздандыруу аркылуу корголот

Спорт Загрузка... 30 Май 2025 11:15
WhatsApp Image 2025-05-30 at 11.05.25.jpeg
copyright icon Мамлекеттик камсыздандыруу уюму

Бишкек 30.05.25. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен Дзюдо федерациясы кызматташтык меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта бул документтин негизинде спортчулар дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында жана башка эл аралык мелдештерде камсыздандыруу аркылуу корголот деп белгиленет.

Меморандумга федерациянын президенти Куванычбек Конгантиев менен МКУнун төрагасы Элдияр Калдарбеков кол коюшту.

«Эл аралык аренада өлкөнү таанытып жаткан адамдардын жанында болуу биз үчүн маанилүү. Спортчуларды камсыздандыруу – бул жөн гана формалдуулук эмес, бул – камкордук, коопсуздуктун жана колдоонун кепилдиги. Биз Кыргызстанда дзюдо жана жалпы спорттун өнүгүшүнө салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз», - деди Элдияр Калдарбеков

Кызматташуунун негизги багыттары:

  • Спортчуларды камсыздандыруу аркылуу коргоо;
  • Финансылык жана камсыздандыруу боюнча сабаттуулукту жогорулатуу;
  • Окутуу иш-чараларын өткөрүү;
  • Дзюдо федерациясынын демилгелерин колдоо.