Дзюдочу Адина Көчкөнбаева Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль жеңди

Спорт Загрузка... 10 Ноябрь 2025 10:45
578243393_850209930685559_6160310501181141583_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Сауд Аравия Падышалыгында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарынын алкагында дзюдо боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдештерде кыргызстандык спортчу Адина Көчкөнбаева күмүш медаль утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 63 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдештин күмүш медаль тагынды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев тапшырды.