Дыйкандарга насыя берүү: Аймактарда түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Коом Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 16:10
711729730_3860291640780673_4971450659929798689_n.jpg
741113010_1542601567610038_236639966854335065_n.jpg
738691664_1360635272698861_9189416128053932619_n.jpg
740812628_1941154279924296_1188232755962392295_n.jpg
740622440_1712028159840448_6024885431650925585_n.jpg
738774384_1343722623797282_8503089391829274277_n.jpg
739835993_1673352063938457_5383825855562477771_n.jpg
739782166_28178074378443193_3635417904161913428_n.jpg
741082597_1567224124862605_7511834572012679526_n.jpg
739620940_2114273702489015_3942603976219983487_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 7-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун катышуусунда аппараттык жыйын өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө министрликтин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттар талкууланып, санариптештирүү иштерин ылдамдатуу, тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле түшүм жыйноо мезгилинде дыйкан-фермерлерге ыкчам көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Эрлист Акунбеков жеңилдетилген насыя берүү программалары тууралуу маалыматтарды аймактардагы дыйкан-фермерлерге кеңири жеткирүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү түзүмдөргө түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

"Дыйкан-фермерлерди колдоо боюнча мамлекет жүргүзүп жаткан саясат ар бир айылдагы өндүрүүчүгө жетиши керек. Жеңилдетилген насыялардын шарттары, аларды алуу тартиби тууралуу маалыматтар толук жана жеткиликтүү түшүндүрүлүшү зарыл. Бул багытта тиешелүү адистер күчөтүлгөн тартипте иш алып барсын", — деди министр.

Жыйындын соңунда министр бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыз кылууну жана иштердин натыйжалуулугун жогорулатууну милдеттендирди.