Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Дыйкандарга 11 млрд сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдан тартып жеңилдетилген насыялар 5 мамлекеттик программанын алкагында бериле баштаган. Бул максатта жалпы 12 млрд 242 млн сом каралып, анын 11 миллиарддан ашыгы өздөштүрүлдү.
Министрлик 2025-жыл жемиштүү жана ийгиликтүү жылдардан болуп, айыл чарба тармагынын макроэкономикалык абалы туруктуу сакталганын белгиледи. Айыл чарба продукциясын дүң өндүрүү 437 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 102 пайызга жогору.
Ал эми кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү 95 млрд 230 млн сомду түздү. Бул былтыркыга караганда 15 млрд 31 млн сомго көп.
Өлкө калкы негизги тамак-аштардын 9 түрүнүн ичинен 6 түрү – сүт, эт, картошка, жашылча, кумшекер, жумуртка менен толук камсыздалды.