Дыйкандар үчүн күздүк буудайдын 13 сорту сатыкка чыкты

Экономика 23 сентябрь 2026 12:45
Дыйкандар үчүн күздүк буудайдын 13 сорту сатыкка чыкты
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндеринин сертификацияланган үрөндөрү республика боюнча эркин сатууга чыгарылганын билдирди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алардын арасында күздүк буудайдын баграт, интенсивдүү, алексеич, дордой-16, тимирязевка 150, кыял, аср, стекловидная 24, корнетто, юка, жеңиш-75, казакстан-10 сорттору бар.

Ошондой эле күздүк арпанын слава, вакула, адель, альта, ал эми күздүк тритикаленин тихон сорту сунушталууда.

Министрлик дыйкандарды күздүк себүү иштерин өз убагында жүргүзүп, сапаты тастыкталган сертификацияланган үрөндөрдү пайдаланууга чакырды. Белгиленгендей, сапаттуу үрөн мол жана сапаттуу түшүмдүн негизги факторлорунун бири болуп саналат.