Дыйкан-фермерлерге берилген жеңилдетилген насыянын суммасы 3,5 млрд сомдон ашты

Экономика 3 июль 2025 16:45
2022-03-30_16-21-40_482667.jpg
515262864_18362821120196946_3722669792871857981_n.jpg
Алдыга
Артка
2022-03-30_16-21-40_482667.jpg
515262864_18362821120196946_3722669792871857981_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын 26-июнуна карата "Айыл чарбасын каржылоо - 13" долбоорунун алкагында 3 млрд 522,11 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жаңилдетилген насыяны республиканын 5 662 айылдык товар өндүрүүчүсү алды. Анын ичинде:

  • "Мал чарбачылык" тармагы боюнча 2 млрд 869,61 млн сом суммасында 4 665 субъект;
  • "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 429,81 млн сом суммасында 877 субъект;
  • "Сууну үнөмдөөчү технологиялар" тармагы боюнча 16,10 млн сом суммасында 21 субъект;
  • "Лизинг" тармагы боюнча 206, 59 млн сом суммасында 99 субъект алды.