Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарга 1210 кыска байланыш номери иштеп жатканын эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, бирдиктүү колл-борбор аркылуу мамлекеттик колдоо программалары, жеңилдетилген насыялар, субсидиялар жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу боюнча кеңеш алууга болот.
"Ошондой эле ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум чарбачылыгы, продукцияны кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери боюнча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Чалуулар Кыргызстандын бардык аймактарынан кабыл алынат. Колл-борбор иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.