Дыйкан-фермерлер 1210 номери аркылуу акысыз кеңеш ала алышат

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 11:50
skrinshot-18-09-2024-142608.png
copyright icon WWW

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн 1210 бирдиктүү байланыш номери ишке киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дыйкандар менен фермерлер бул номер аркылуу айыл чарба багыты боюнча маалымат жана адистерден акысыз кеңеш ала алышат.

"Адистер өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, ветеринария, үрөн, жер семирткичтер, сугат, мамлекеттик колдоо программалары, жеңилдетилген насыялар жана субсидиялар боюнча акысыз кеңеш беришет", - деп айтылат маалыматта.