Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Финансы министрлигинин орун басары У.Календеров менен Дүйнөлүк банктын мамлекеттик сатып алуулардын регионалдык менеджери Ф.Гойянын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар мамлекеттик сатып алуулар системасын модернизациялоо боюнча жүрүп жаткан иш-чараларды талкуулап, анын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.
Календеров Финансы министрлиги сатып алуулар боюнча методологияны өркүндөтүү, институционалдык потенциалды бекемдөө жана процесстердин ачыктыгын жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүп жатканын айтты.
Дүйнөлүк банктын өкүлү Кыргызстандагы прогрессти атап, банк реформалардын жол картасында каралган иш-чараларды кошкондо, мындан аркы эксперттик колдоону улантууга даяр экенин билдирди.
Ошондой эле тараптар мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы реформаларды алдыга жылдыруу үчүн тыгыз координацияны жана маалымат алмашууну улантууну макулдашты.