Дүйнө чемпионаты: Испания Францияны жеңип, финалга чыкты

Спорт Загрузка... 15 Июль 2026 09:00
b53a859b-a2dd-4c38-9059-d92fbe268d3b.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Испаниянын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Францияны 2:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Оюндун 22-мүнөтүндө Микель Оярсабаль пенальтиден эсепти ачты. Ал эми 58-мүнөттө Дани Ольмонун пасынан кийин Педро Порро экинчи голду киргизип, Испаниянын артыкчылыгын бекемдеди. Беттеш АКШнын Арлингтон шаарындагы “Эй-Ти-энд-Ти” стадионунда өттү.

Бул жеңиш менен Испания 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын биринчи финалчысы болду. Франция болсо 2018-жылдан бери биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыга алган жок.

Финалда Испаниянын атаандашы Аргентина менен Англиянын ортосундагы жарым финалдык беттештен кийин аныкталат.

Эскерте кетсек, 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарында болот.