Дүйнө чемпионаты: Балбан Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт

Спорт Загрузка... 16 Сентябрь 2025 23:45
547570904_805051418534744_4565205670846944716_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы финалга чыкты.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө кыргызстандык балбан украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде жеңди.

Алтын медаль үчүн беттеште Айпери Медет кызы Эквадордун балбаны Генезис Вальдес менен кез келет.

50 кг, 57 кг, 65 кг жана 76 кг салмак категориялары боюнча финалдык беттештер эртең өтөт.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. 13-сентябрда башталган мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы. Анда Кыргызстандын курама командасы күч сынашууда.