Душанбеде Кыргызстандын сот тутумун санариптештирүү тажрыйбасы тааныштырылды

Коом Загрузка... 15 Июль 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун Манас шаардык сотунун судьясы Алина Картамбаева Душанбе шаарында өткөн "Сот адилеттиги тутумундагы аялдар: диалог, өнүгүү жана адилеттүүлүк" аттуу эл аралык конференцияга катышты.

Жогорку соттон билдиришкендей, иш-чарада сот тутумундагы гендердик теңчилик, аялдардын ролун кеңейтүү жана коомдук маанидеги иштерди кароо маселелери талкууланды.

Картамбаева гендердик сезимтал сот адилеттиги бир жыныска артыкчылык бербестен, мыйзам алдында баарынын теңдигин камсыздоого багытталганын белгиледи.

"Кыргызстанда сот адилеттигин жүргүзгөн 501 судьянын 95и аялдар. Алардын ичинен 12 аял жергиликтүү соттордун төрагасы болуп саналат. Электрондук сот өндүрүшү жана аралыктан сотко катышуу (видеобайланыш) алыскы аймактагы жарандардын сотко жеткиликтүүлүгүн арттырып, зомбулуктан жабыркагандардын коопсуздугун коргоого көмөктөшөт", - дед ал.

Конференциянын соңунда катышуучулар адам укуктарын коргоо жана сот тутумун өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.