Дубайда шейхтин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу фонтан шоусу токтотулду

Дүйнө 23 сентябрь 2026 14:50
Дубайда шейхтин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу фонтан шоусу токтотулду

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. Дубайда шейх Ахмед бин Рашид аль-Мактумдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жарыяланган 10 күндүк аза күтүү маалында бир катар көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Атап айтканда, Бурж-Халифа имаратынын жанындагы Дубай фонтанынын шоусу убактылуу токтотулду. Аталган фонтан боюнча көрсөтүүлөр аза күтүү 21-30-сентябрь аралыгында өткөрүлбөйт.

Ошондой эле Дубайдагы айрым радиостанциялардын көңүл ачуучу программалары, сынактары жана популярдуу музыкалары эфирден алынды. Алардын ордуна диний берүүлөр, Куран окуу, классикалык жана аспаптык музыка берилүүдө. Маалыматтык берүүлөр болсо кадимки тартипте уланууда.

Ошол эле учурда Дубайда соода борборлору, дүкөндөр, ресторандар, коомдук транспорт жана туристтик жайлар жабылган жок. Мамлекеттик мекемелер, мектептер жана жеке компаниялар кадимки режимде иштеп жатат.

Аза күтүү учурунда айрым көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулуп же башка күнгө жылдырылышы мүмкүн экендиги айтылат.