Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга тамекиге карата салык саясатын кайра карап чыгууга жардам берет. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча Алкактык конвенциясынын (ДССУнун ТКАК) Билим борборунун миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда маалым болду.
Ведомтстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эксперттер TETSiM симуляциялык моделин көрсөтүштү. Ал акциздик салыктарды көбөйтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү менен бирге тамекиге болгон керектөөнү кыскартууга кандайча жардам берерин көрсөткөн күчтүү аналитикалык курал. Модель 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык реалдуулуктарына ылайыкталган.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова Кыргызстанда 9-июндан 12-июнга чейинДССУнун Билим борборунун миссиясы иштеп, тамеки жана никотин камтыган продукцияларга карата натыйжалуу салык саясатын иштеп чыгууга техникалык жардам көрсөтөрүн белгиледи.
Миссияны аталган борбордун Тамекиге салык салуу боюнча Программасынын директору доктор Зунда Чиша жетектейт.
"Тамеки заттарына акциздик салыкты жогорулатуу калктын ден соолугун коргоонун эң натыйжалуу жана илимий жактан далилденген чараларынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө тамеки буюмдары өтө жеткиликтүү бойдон калууда жана бул жугуштуу эмес оорулардын өсүшүнө түздөн-түз байланыштуу. Биз системалуу реформага даярбыз жана бул маселеде эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна ишенебиз", - деди министр Эркин Чечейбаев.
Миссиянын негизги максаттары:
- саламаттык сактоого багытталган салык саясатын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
- саламаттыкты сактоо үчүн фискалдык чараларды колдонууда улуттук институттардын потенциалын күчөтүү;
- калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана реформаларга коомдук колдоону түзүү;
- өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен акциздик саясат боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоо.
Маалымат үчүн: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда бойго жеткен калктын 22% жакыны, анын ичинде ар бир экинчи эркек тамеки чегет.
Тамеки чегүү - жүрөк оорулары, инсульт, өнөкөт респиратордук оорулар жана рак сыяктуу жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) негизги тобокелдик факторлорунун бири.
Кыргызстандагы бардык эрте өлүмдөрдүн 80%дан ашыгын ЖЭО түзөт. Тамеки жыл сайын өлкөдө 6000ден ашуун адамды өлүмгө дуушар кылат. Ошол эле учурда Кыргызстанда тамекиге салык салуу ДССУ сунуштагандан алыс деңгээлде калууда – акциздик салык чекене баанын 50%дан азын түзөт, ал эми сунушталган үлүш 75%дан кем эмес.