Достуктун жана жаздын майрамы: Чүй облусунда Нооруз шаңы

Аймак Загрузка... 21 Март 2026 14:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Чүй облусунун бардык райондорунда Ноорузга арналган майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Ал эми негизги майрам быйыл Кара-Балта шаарында өттү. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда белгиленгендей, Нооруз майрамына карата негизги иш-чара аталган шаарда белгиленип, ага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев катышты.

Майрамдын алкагында ар улут өкүлдөрүнүн улуттук тамак-аштары сунушталган чоң жарманке уюштурулду. Ошондой эле облуста жашаган улут өкүлдөрүнүн маданияты жана салттары тартууланып, концерттик программа менен коштолду.

Сахнада элдик ырлар жаңырып, улуттук бийлер аткарылып, жаздын жаңылануу символу болгон Ноорузга арналган театралдык көрсөтүүлөр сунушталды.