Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Ынтымак сейил багында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылды.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулуев, Казакстандын маданият, маалымат министри Аида Балаева, Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, эстеликтин автору Тамила Маматова жана башка ардактуу коноктор катышты.
Эстеликтин автору, скульптор Тамила Маматованын айтымында, бул эстелик улуу жазуучулар Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун достугуна арналган.

“Ысык-Көлдө Мухтар Ауэзовдун үй-музейи бар. Ошол жерде ал Чыңгыз Айтматов менен көп жолу жолукчу экен. Мен ошол жолугушуулардын бирин чагылдыргым келди. Эстеликте экөө маектешип отурушат. Мухтар Ауэзов Айтматовдон 30 жаш улуу болгондуктан, ал улуу муундагы адам катары ага накыл-кептерин айтып жатат, Айтматов аны кунт коюп угуп жатат. Айтматов колунда “Манас” эпосунун китебин кармап отурат. Аны чагылдыруумду себеби, 1952-жылы “Манас” эпосун элдик тарыхтан алып салуу тууралуу демилге көтөрүлгөндө, Мухтар Ауэзов бул чечимге каршы чыгып, эпосту коргогон. Мен бул тарыхый окуяларды эске алып, баарын бир композицияда чагылдырдым”,-деди ал.
Маматова белгилегендей, композицияны жазууга үч жыл, ал эми эстеликти жасоого бир жыл убакыт кеткен. Эстелик бронзадан жасалып, астындагы постамент Казакстандан атайын алынып келинген кызыл гранит ташынан тургузулган.