"Дордой" базары иретке келтирилет - мэрия

Коом 13 июнь 2025 16:51
1391678797_37974500.png
506529566_1156844089824777_5207456948202668099_n.jpg
506312281_1156843946491458_1438665537370717130_n.jpg
506301859_1156843896491463_4839152775978140042_n.jpg
506301121_1156843853158134_6018782995861615658_n.jpg
505922963_1156843846491468_8447795471411730670_n.jpg
506135874_1156843916491461_7313742922270943052_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы "Дордой" базарында тартипти орнотуу иштерин баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин аймакты көрктөндүрүү, уруксат берилбеген жерлерде стихиялуу сооданы болтурбоо жана фасаддын тетиктерин талаптагыдай абалга келтирүү боюнча 20 буйрук чыгарылган.

Уруксатсыз сооданын алдын алуу боюнча талаптарды бир нече жолу бузгандыгы үчүн «Дордой базары» ЖЧКсына, «Мурас Спорт» ЖЧКсына жана М.Т.М жана А.Т. аттуу жарандарга карата протоколдор түзүлүп, айып салынган.

Мындан сырткары, «Сарын» ЖЧКсынын аймагында антисанитардык абал жана дөңгөлөктөр сакталганы аныкталган.

"Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жана ага чектеш аймакты жагымдуу абалга келтирүү тапшырмасы берилди",-деп айтылат маалыматта.